Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик мекемелер 11-майдан тарта электрондук документ жүгүртүүгө өтөт

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 781 | 0

Эртең, 11-майдан тарта мамлекеттик мекемелер аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында айтты.

Ал электрондук документ жүгүртүүгө өтүү тапшырмасынын аткарылышын текшерди.

Жапаров 18-апрелде мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдалануунун көлөмүн эки эсе кыскартууну тапшырган.

Ал кагаздын эки бетине тең басып чыгаруу тажрыйбасын киргизүүнү милдеттендирген. Жапаровдун айтымында, бул жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50%га кыскартууга, натыйжада, бюджетти жылына 112 млн сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, 1 тонна кагаз өндүрүү үчүн 17 дарак, 35 миң литр суу, 4 миң кВт электр энергиясы жана 240 тонна отун керектелет. Ал эми кагаз өндүрүшүндө көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитраттар, метанол, бензол, диоксиндер жана башка заттар колдонулат.

Кагаз чиригинде метан бөлүнүп чыгат, бул парник эффектин СО2ге караганда 25 эсеге көбөйтөт, бул да глобалдык ысып кетүүгө таасирин тийгизет.

Copyright © 2017 Maral FM