Биз менен байланышыңыз

Сузак районундагы селден жабыркаган айылдар (сүрөт)

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 325 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата-Журт-Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Айбек Маткеримов Сузак районундагы селден жабыркаган аймактарга барды.

Анын айтымында, Атабеков жана Барпы айыл өкмөттөрүндө жагдай оор. Селден бир топ үй жарактан чыккан. Аларды кайра салуу керек. Айрым үйлөрдүн короо-жайы бузулган. Көчөлөрүнөн унаа тургай, жөө адамдар да жүрүүгө мүмкүн болбой калган.

Жергиликтүү тургандар жаңы үй салууга мамлекет жардам бербесе, өздөрүнүн дарамети жетпей турганын билдиришкен.

«Селдин кесепетин жоюуга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Мамлекеттен берилчү бардык жардамды көзөмөлгө алам. Президентибиз, Министрлер кабинетинин курамы баш болуп, депутаттардын да элди бул кыйынчылыктан чыгарып кетүүгө ниетибиз чоң», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM