Биз менен байланышыңыз

Депутат министрден жардамчысын кызматка дайындоону суранган

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 2094 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов өзүнүн жардамчысын кесиптик лицейдин директору кылып дайындоону сунуштаганын айтты.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин 10-майдагы жыйынында белгилүү болду.

Талкуу учурунда депутат министрдин билим берүү тармагында реформа жасай албай жатканын айтып, сындаган.

«Сиз менден Айжан Үсөнкановнаны лицейге директор кылып дайындоону сурангансыз. Ал квалификациялык талаптарга жооп берген жок, аны дайындоодон баш тарттым. Ал сиздин жардамчыңыз. Ошондон кийин мени каралай баштадыңыз», — деп жооп кайтарды Алмазбек Бейшеналиев.

Министр бул тармакты ага президент тапшырганын, жеке эч кандай кызыкчылыгы жок экенин айтты.

Депутат Сулайманов Токтогул районундагы №39 кесиптик лицейдеги көйгөйлөрдү жеринен көргөндөн кийин сындап жатканын айтып, анын да башка кызыкчылыгы жок экенин кошумчалады.

10-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM