Биз менен байланышыңыз

Франция: Жубайын мыйзамсыз жумушка алган экс-өкмөт башчы 4 жылга соттолду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 мая 2022 | 780 | 0

Франциянын экс-премьер-министри Франсуа Фийон жубайын жумушка мыйзамсыз жол менен алганы үчүн төрт жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу BMF телеканалы маалымдады.

Ал эми анын жубайы Пенелопа Фийон эки жылга шарттуу кесилди.

Маалым болгондой, Франциянын экс-премьер-министри Франсуа Фийон парламентте төмөнкү палатанын депутаты болуп турган кезде, жубайын өзүнө жардамчы деп каттап, мыйзамсыз түрдө маяна алып турган. Бул аракеттен улам мамлекетке 500 миң евро чыгым келтирген.

Франсуа Фийон 2007-2012 жылдары Франциянын министрлер кабинетинин төрагасы болуп турган.

Фийон 2016-2017-жылдардагы президенттик шайлоого катышып, анда фавориттердин бири болгон. Бирок жогорудагы айыптоолордон улам шайлоодон четтетилген.

Париж соту аны 2021-жылы жубайын жумушка алуусун мыйзамсыз деп таап, ага 5 жылдык абак жазасын берген. Бирок, учурда сот 4 жыл деп чечим чыгарып, Франсуа Фийон эми анын бир жылын абакта өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM