Биз менен байланышыңыз

Президент: «Кумтөрдүн» бир жылдык ишмердиги текшерилет

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 185 | 0

Президент Садыр Жапаров  Эсептөө палатасы «Кумтөр» кенинин бир жылдык ишин текшерерин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Жапаровдун айтымында, текшерүү болжол менен эки айда аяктап, андан кийин элге маалымат берилет.

«Кумтөрдүн» бир жылдык каржылык жана башка ишмердигин текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибердим. «Кумтөр» алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет», — деп жазды президент.

«Кумтөр» алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген.

Copyright © 2017 Maral FM