Биз менен байланышыңыз

УКМК: Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 541 | 0

«Дастан» корпорациясынын мурдагы директору, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган, энергетика тармагындагы коррупцияга байланышы бар делген Алексей Ширшов камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, УКМК кызматкерлери «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик имараттарды жеке менчикке чыгарып кетүүгө байланышкан кылмыш иштерди иликтөөнү баштаган. Анын жүрүшүндө, ири ишкерлер сот кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, 56 кымбат балуу батирди, 27 коттеджди жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетишкени аныкталган.

Бул ишке Ысык-Көл облустук жана райондук, Бишкек шаардык, Чүй облустук сотторунун, Жогорку Соттун, ошондой эле Президенттин аппаратынын, Мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым адамдарынын да катышы бар экени тастыкталган. Тергөө учурунда бул коррупциялык схеманы уюштуруучулардын башында Алексей Ширшов турганы да белгилүү болгон.

Топтолгон далилдердин негизинде 10-майда Алексей Ширшов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүнө (коррупция) шектелип камакка алынган.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө Ширшовго карата айып тагылып, сот тергөө мөөнөтүнө баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.

Copyright © 2017 Maral FM