Биз менен байланышыңыз

Президент «Каракол» аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды

Кыска кабар | 7 мая 2022 | 826 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Каракол эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө башчы Ысык-Көл облусу туризмдин локомотиви экенин айтып, эл аралык статусу бар аэропорт салуу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында өлкө аймагындагы бардык аэропорттор оңдоп-түзөлөт деп билдирди.

«Буюрса, республикадагы ички каттамдар калыбына келтирилип, бардык аеропорттор: Казарман, Талас ж. б. аэропорттор ишке киргизилет. Бул чыгашалар „Манас“ аэропортунун таза кирешесинин эсебинен жабылат. Былтыр ал жакта коррупцияны жоюп, быйыл таза кирешеси 4 миллиард сомду түздү. Буга чейин таза кирешеси 2 миллиард сомдун тегерегинде болчу», — деп кошумчалады.

Садыр Жапаров «Каракол» аэропорту бул шаар илгери Пржевальск шаары болуп турган убакта эле, тагыраак айтканда, 1971-жылдын 1-январында негизделгендигин эске салды. Аэропорттун асфальт төшөлгөн учуу-конуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилиптир. Ошондон бери бул жерге капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес.

«Каракол» аэропортунун жаңы аэробекет комплексин куруп, аэродром элементтерин реконструкциялап алсак, жайында эле эмес, кышында дагы туристтердин агымы бир топко көбөйөт» — деди президент.

Аэропорттогу курулуш иштери аяктагандан кийин, саатына 250 жүргүнчү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар жаңы перрон, ошондой эле, «Embraer 190» үлгүсүндөгү жана ушуга окшош учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар 2400 метр узундуктагы учуу-конуу тилкесине ээ болот.

Copyright © 2017 Maral FM