Биз менен байланышыңыз

Чүй: Милиция жоголду делген 4 жаштагы баланы аман-эсен таап, ата-энесине тапшырды

Кыска кабар | 7 мая 2022 | 335 | 0

Чүй облусунун ички иштер бөлүмү башкармалыгы кечээ, 6-майда Ново-Покровка айыл аймагында жоголду делген 4 жаштагы баланы аман-эсен таап, ата-энесине тапшырды.

Кечээ, 6-майда «Вотсап» мессенжеринде 3-4 жаштагы жаш бала тартылган видео материал таркалган. Анда Ново-Покровка-Алга айыл аймагындагы айланма жолдун жанында 3-4 жаш чамасындагы бала жалгыз жүргөн.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан жаш баланын ата-энеси 6-жылдын 2022-майында саат 18:20да өз баласынын жоголгондугу боюнча милицияга кайрылганы аныкталган. Кечиктирилгис ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында участкалык милиция жоголгон баланы эки сааттан кийин аман-эсен таап, ата-энесинин колуна тапшырган.

Ошондой эле милиция кызматкерлери аталган баланын ата-энеси менен мындай фактыларга жол бербөө жана өз балдарын дайыма көзөмөлдөө боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштерин да жүргүзгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM