Биз менен байланышыңыз

Абрамович «Челсини» 4 млрд фунт стерлингге сатууга макул болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2022 | 569 | 0

Орусиялык миллиардер Роман Абрамович «Челси» футбол клубун америкалык миллиардер Тодд Боули башчылыгындагы консорциумга сатуу боюнча келишимге кол койду. Бул маалыматты британиялык басылмалар жазып, аталган клуб да муну тастыктады.

The Telegraph басылмасы жазгандай, келишимдин баасы 4 млрд фунтту түздү. 2,5 млрд фунт стерлинг клубдун акцияларын сатып алуу үчүн иштетилет. Ошондой эле клубдун жаңы ээлери — «Стамфорд Бриж», футбол академиясы жана аялдар курамасын өнүктүрүү үчүн кошумча 1,75 млрд фунт стерлингди инвестиция катары салышат.

Клубду сатып алуу расмий жыйынтыкталганга чейин, америкалык инвестор Улуу Британия өкмөтү жана Англия Премьер-лигасыдан уруксат алышы керек.

LA Dodgers бейсбол командасынын ээлеринин бири жана Eldridge Industries негиздөчүсү Тодд Боули консорциумдун «Челсидеги» негизги өкүлү болмокчу, бирок эң чоң үлүш АКШнын Clearlake Capital жеке инвестициялык компаниясына тийиштүү болот.

Абрамовичтин «Челсини» сатуу аракети Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй маалым болгон. Март айынын башында британ өкмөтү миллиардерге карата санкцияларды киргизген. Учурда Абрамович клубду сатуусу үчүн Улуу Британия ага убактылуу лицензия берди.

Роман Абрамович футбол клубун сатуудан түшкөн таза кирешесинин (2,5 млрд фунт стерлинг) баарын кайрымдуулук иштерине, тагыраагы орус-украин согушунун курмандыктарына жумшай турганын жарыялады. Учурда ал кайрымдуулук фондун түзүү боюнча тапшырма берип, иштер башталганын да кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM