Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында алгачкы жолу Инклюзив фестивалы өтөт

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 226 | 0

Эртең, 7-майда Ош шаарында алгачкы жолу Инклюзив фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

Фестивалда Кыргызстандагы инклюзивдик билим берүү темасы чагылдырылат. Иш-чаранын ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, «Элим барсыңбы» кайрымдуулук фонду, «Инклюзив KG» фонду жана «Сапат» билим берүү мекемелери биргеликте уюштурууда. Максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөр жөнүндө мүмкүн болушунча көп адамдарга маалымат берүү, алар күн сайын туш келген көптөр билбеген ар кандай көйгөйлөр тууралуу айтуу болуп саналат.

Фестиваль Ош шаарындагы Алымбек Датка эс алуу багында саат 16:00дөн — 20:00гө чейин болот. Кирүү акысыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM