Биз менен байланышыңыз

1,1 млн жасалма акциздик марка чыры. Казакстан чек арадагы текшерүүлөрдү күчөтөт

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 398 | 0

Казакстандын бажы кызматы Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу унаада 1,1 млн даана Белорусияга таандык жасалма акциздик марка бар экенин аныктады. Бул тууралуу Казакстандын каржы  министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитети билдирди.

Маалыматта Кыргызстан Казакстан аркылуу товарларын өткөрүүдө электрондук счет-фактураларды камсыздап, ЕАЭБ алкагында экспортту көмүскөдөн чыгаруу милдетин алганы айтылат. Бирок ошого карабай, айрым кыргызстандык ишкерлер кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосунда жетишилген келишимди өздөрүнүн аткезчилик схемасы үчүн колдонуп кетүүдө, — деп билдирген казак өкмөтү.

Ошондой эле, чек арадагы текшерүүлөр жеңилдетилиши менен аткезчилик фактылары кескин өскөндүгүн, мындан улам казак тарап товарларды текшерүүлөрдү кайрадан күчөтө тургандыгын кошумчалаган.

Белорусияга таандык делген 1,1 млн даана жасалма акциздик маркалар кыргыз-казак бажы өткөрмө пунктунда 28-апрелде кармалган. Учурда бул боюнча Казакстандын Жамбыл облусунун укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө.

Мындан сырткары апрель айында кыргыз-казак чек арасында майнинг техникаларын, спорттук кийимдер, видеобайкоо каражаттарын ири өлчөмдө мыйзамсыз алып өтүү фактылары да катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM