Биз менен байланышыңыз

Миң айдан артык Кадыр түндү кантип тосуу керек?

Блог | 27 Апр 2022 | 1574 | 0

Бүгүн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү Кадыр түн белгиленет. Бул түндү жер жүзүндөгү миллиардаган мусулман күтөт. Анткени бул түн бир жылда бир гана жолу келип, анын баасы 83 жылга тете болот. Тагыраагы, мусулман адам Кадыр түнгө туш болуп, аны Аллах Таалага ибадат кылуу менен өткөрсө, 83 жыл бою ибадат кылгандай сооп табат. Бул өзгөчө түндүн тарыхы, мааниси жана аны кантип өткөрүү керектиги тууралуу Кыргызстан Ислам университетинин ага окутуучусу Марс Ибраев айтып берди.

Кадыр түндүн тарыхы

«Кадыр» сүрөсүндө Аллах Таалам: «Биз ыйык Куранды Кадыр түндө түшүрүп баштадык», — деп айткан экен. «Кадыр түн миң айдан да артыгыраак», — деп бекеринен айтылган эмес. Миң ай — 83 жыл 4 ай. Мисалы, бир түндүн ичинде 2 рекет намаз окусаңыз, 83 жыл 4 ай бою тынбай намаз окугандын сообун аласыз. Кадыр түн бизге белек катары берилген. Бул түндө Жараткандын буйругу менен периштелер асмандан түшүп, «Дуба кылган адам жокпу?» — деп тилек тилеп жаткандардын, намаз окугандардын баарын жазып, Жаратканга жеткире тургандай мүмкүнчүлүктү берет. Мына ушул өзгөчө береке жааган, руханий атмосфераны пайда кылган бир түндү – Кадыр түн деп айтабыз.

Кадыр сөзүнүн мааниси кандай? Эмнени түшүндүрөт?

Кадыр – өлчөм, өкүм дегенди түшүндүрөт.

«Өкүм түнү» — «Аллах Тааланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин ажыратылган түнү» деген маанини билдирет. Бул жерде айтылып жаткан «тагдыр» эзелки белгилеп коюлган өкүм-чечимдердин ачыкка чыгуусу болуп эсептелет.

Кадыр — барктуулук, улуулук деген мааниде.

«Тардык, кысылуу» деген мааниде. Мунун мааниси бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылат. Кээ бир Ислам аалымдарынын пикиринде, «кысылуунун» артында чоң жакшылыктар болот.

Биздин тагдырларыбызда берилип жаткан, ошол эле учурда Куран түшүрүлүп жаткан берекелүү түн болгондуктан, өлчөмү жок, ченеми жок деңгээлдеги соопторду таба турган түн болгондуктан, биз урмат-сый кылып Кадыр түндү ыйык деп айтабыз. Жаратканыбыз Кадыр түндү пенделерине чоң белек катары жөнөткөн.

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

Кадыр түндү уктабай өткөрүү – эң идеалдуусу. Куран окуу, зикир кылуу жана чын жүрөктөн дуба кылуу. Ошондой эле китеп окугула, жакшы достор менен маектешкиле, чай үстүндө болсо да, мечитте болобу, үйдө болобу, айтор, жакшы иштер менен алектенип, ибадат менен өткөргүлө. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: «Ким Кадыр түндү ыйман келтирип, ал түндүн сообун Алладан тилеп, намаз окуп өткөргөн болсо, анда анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет». Мындан сырткары куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек;  өткөн күнөөлөрүнө тобо кылуу керек; өзүң жана өткөндөр үчүн дуба кылуу керек.

Күчү жетпеген же оорулуу инсандар кантип өткөрүшү керек?

Аллах мындай инсандарга кыйналбаңыздар деп айтыптыр. «Эртең мененки убакытка чейин отура албайбыз, уктабасак болбойт», — дегендерге, «жатып алып болсо да, түндүн бир бөлүгүн ибадат менен өткөргүлө» деген. Демек, ооруп жаткан адамдарга ушинтип аткандан кийин дени сак адамдар үчүн Кадыр түндү уктабай өткөргөн абзелирээк болот деген ойдомун. Бирок «жок, эртең жумушум бар» дегендер үчүн, «макул бир-эки саат уктап алыңыз, андан кийин ооз бекиткенге чейин ибадат кылыңыз» деп айтмакмын.

Кадыр түндүн белгиси барбы?

Кадыр түндүн белгиси бар. Өзгөчө тынч, өкүм сүргөн түн болот. Иттер да көп үрбөй калат деп айтышат. Демек, бул — периштелер түшкөнүнүн белгиси.

Пайгамбарыбыздын айткандарына ылайык, жергиликтүү климаттык шарттарга байланыштуу бул түн ысык да, суук да болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы мээлүүн келип, үшүк жүрбөйт. Катуу шамал, ысык болбойт.

Бул түн тынч, бейпил болуп, табият демин ичине каткандай, асман булутсуз жана жаансыз болот.

Бул түндө жылдыз учпайт.

Бул түндүн таңында, Күндүн нурлары өтө чагылбай, жумшак кызыл түстөгү төгөрөк сымал болот. Анын жарыгы жумшак, көздү уялтпаган, булутсуз асмандагы толгон Айдай жарык чачат.

Кандай дубаларды кылуу керек?

Бул түндө мусулман адам Алла Таалага жалынып-жалбарып дуба кылуусу керек. Дубада өзүнүн бул дүйнөгө тиешелүү кажет нерселерин тилеп, Алла Тааладан күнөөлөрүнүн кечирилүүсүн, бейишке киргизип, тозоктон сактоосун сурайт. Кадыр түн аябай тез өтүп кетет, мусулман адам ал убакытты туура пайдаланып калуусу шарт.

Пайгамбарга сүннөт болгон тилек – албетте, чын жүрөктөн айтылган тилек. Бирок дуба десе, биз көбүнчө өзүбүздү гана ойлойт экенбиз. «Оо Аллах, мага байлык бере көр, ден соолук бере көр, өмүрүм, балдарымдын өмүрү узун болсун», — деп. Өзүбүздөн чыкпайт экенбиз да.

А негизинен «Оо, Жараткан Алла! Сен кечирим ээсисиң, кечиргенди жакшы көрөсүң, менин күнөөлөрүмдү кечиргин» — деген дубаны көп-көп айтуу керек.

Ар бир ибадаттын өзүнө жараша өзгөчөлүктөрү болот, дубанын өзгөчөлүгү — анын ибадат катары кабыл алынышы. Ал тууралуу хадисте мындайча баяндалат: «Дуба кылуу — ибадат», башкача айтканда, эң чоң ибадаттардын катарын толуктайт. Анткени дуба кылып жаткан учурда пенде коркуу сезими менен өзүнүн алсыз экендигин сезет, бул нерсе ибадаттын даамын татканга жардам берет.

Кадыр түндү кайсы жерде тосуу керек?

Бул түндү көңүл ачуучу жайларда өткөрө албайсыз. Кадыр түн үйдө же мечитте тосулат. Сиз жалгыз да, жамаат менен да өткөрсөңүз болот. Бул түнү намаздар окулуп, Куран окулуп, өткөн күндөрдүн, айлардын каталары талданат, өткөн таарынычтар кечирилет, келечекке пландар түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM