Биз менен байланышыңыз

Алишер Козуев: «Кумтөр Голд» кенди жер астынан иштетүүгө өтө элек

Блог | 19 Апр 2022 | 279 | 0

Бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» алтын кенинде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү. Депутаттар кендин учурдагы абалы менен таанышып кайтышканын депутат Алишер Козуев «Маралга» билдирди.

«Кумтөр» алтын кенине барып, бардык жагын көрүп, иши менен толук тааныштык. Бүгүнкү күндө толук, бир да күн эс албай иштеп жатыптыр. Андагы керектүү адистердин баары Кыргызстандын жарандары экен. Эч кандай кемчилиги жок экен, маанайлары жакшы. Жалаң гана алдыга умтулуп, «жакшы жыйынтык көрсөтөбүз» деп иштеп жатышат.

Мөңгүлөрдүн бузулушун токтотуу жана курамында алтын бар руданы экологиялык жактан таза, үнөмдүү жол менен казып алуу үчүн «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому кенди иштетүү стратегиясын өзгөрткөнүн, кенди ачык жол менен казып алуудан жер асты аркылуу долбоорун ишке киргизүүнү көздөп жатканын билдирген эле.

«Кумтөр» кенинде алтын мурдагыдай эле жол менен казылат экен. Бирок алдыда эч кандай мөңгүлөргө тийбей, шахталык жол менен казууну мерчемдеп жатышыптыр. Бул ыкма кийинки планда экен».

Көчмө жыйында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниянын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк баяндама жасаган.

«Чындыгында, алдыга койгон пландары өтө жакшы экен. Киргенден баштап кендин ар бир бөлүгү менен тааныштырып чыкты. Ошол жерде иштеген жетектөөчү адистер да такшалган балдар экен. Бизди канааттандырды, суроолорубузга керектүү жоопту ала алдык. Биз да кантип иштеп жатканына ишенип-ишенбей жатканбыз. Бүгүн ишти көзүбүз менен көрүп, ынанып кайттык».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM