Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Акылбек Жапаров — элибиздин бактысы

Кыска кабар | 17 Апр 2022 | 2559 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго карата айтылган сындар боюнча анын орун басары Эдил Байсалов жооп берди.

Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазган пикиринде, Акылбек Жапаровдун ишмердүүлүгүнө айтылган сындарды көралбастык деп эсептейт. Ошондой эле өкмөт башчы учурда Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн күн-түн жан үрөп иштеп жатканын белгилеп, алдыда көп өзгөрүүлөр боло турганын  айткан.

Ошондой эле ал кайрылуусунда, «Акылбек Жапаровдун учурда мамлекет үчүн иштеп жатканы — элибиздин бактысы, Көп нерсе айткым келет, бирок азыр туура эмес болуп калат. Кабминдин келгенине алты ай болду. Чоң ийгиликтер алдыда. Туугандарга айтаарым, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку, карасанатайларды укпаңыздар! Баары жакшы болот», — деп кошумчалаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM