Биз менен байланышыңыз

Караколдо шаардык кеңештин депутаты «бейбаштык» боюнча кармалды

Кыска кабар | 17 Апр 2022 | 306 | 0

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Каракол шаардык кеңешинин 27 жаштагы депутаты Кылмыш жаза кодексинин «Бейбаштык» (280 – берене) беренеси боюнча кармалган. 15-апрелде 19 жаштагы жергиликтүү тургун анын эки таанышы курал менен коркутуп, бутка атканын айтып милицияга арыз жазган. Бул арыздын негизинде облустук милиция ыкчам чара көрүп, шектүү катары 27 жаштагы  Каракол шаардык кеңешинин депутатын кармаган.

Шектүүнү кармаган учурда анын унаасынан ок атуучу курал табылган. Куралдын расмий уруксат документи жок экени белгилүү болгон.

Ошол эле учурда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM