Биз менен байланышыңыз

Унаанын айнегин уруксатсыз караңгылатууга канча айыппул салынары айтылды

Кыска кабар | 17 Апр 2022 | 1070 | 0

Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, унаанын айнегин ыйгарым укуктуу өкүлдүн уруксаты жок караңгылатса, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып салынат. Бул тууралуу «Маралга» Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев билдирди.

Азыркы мыйзам менен унаалардын айнегин караңгылатып алган айдоочуларга 5 миң 500 сом айып пул салынып келет.

Айып пулдун жаңы өлчөмү жана төлөө тартиби боюнча жакында Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому чыгаары күтүлүүдө.

Экономика жана коммерция министринин маалыматына караганда, унааларга айнектерин караңгылатууга уруксат берүү, эсепке алуу жана байкоо жүргүзүү Carcheck элекрондук тиркемеси аркылуу ишке ашат.

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, айдоочулар мындан ары акы төлөп, унаалардын алдыңкы эшигинин каптал айнегин караңгылата алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM