Connect with us

АКШ Кыргызстан менен кызматташуу боюнча жаңы келишим түзүүгө даяр

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 399 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШ Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселеси боюнча орун басары Узра Зея жетектеген делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдады.

Маалыматка ылайык, пикир алышууда эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик катчынын орун басары Узра Зея АКШнын Кыргызстан менен өз ара мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун белгиледи. Ал кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюуга даярдыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы демократиялык укуктар маселеси боюнча өз ара мамилелердин жаңы баракчасын ачты.

Байсалов өз кезегинде Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерди, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин, мыйзам үстөмдүгүн жактай тургандыгын белгилеп, ошондой эле өлкө жетекчилигинин АКШ менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM