Биз менен байланышыңыз

Унаанын айнегин караңгылатууга уруксат берүү казынаны канчалык толтурат?

Коом , Саясат , Экономика | 15 Апр 2022 | 2043 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, айдоочулар мындан ары акы төлөп, унаалардын алдыңкы эшигинин каптал айнегин караңгылата алышат. Коомчулукта унаалардын айнектерин караңгылатуу жаатында ар түрдүү ойлор айтылып келет.Айрымдар бул мыйзам ишке ашса, жол кырсыктары көбөйүп, коррупция жана кылмыш күчөйт дешет. Өкмөт бюджетти толтуруунун ыкмасы экенин айтат. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.  

Аталган мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеген. Мындагы максат өлкө казынасына салыктык эмес кирешелердин түшүүсүн көбөйтүү экенин маалымдашкан.

Мыйзамга ылайык, айдоочу унаа айнегин ыйгарым укуктуу өкүлдүн уруксаты жок караңгылатса, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып салынат.

Айып пулдун өлчөмү жана төлөө тартиби Министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.

Экономика жана коммерция министринин маалыматына караганда, унааларга айнектерин караңгылатууга уруксат берүү, эсепке алуу жана байкоо жүргүзүү Carcheck элекрондук тиркемеси аркылуу ишке ашат.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев унаанын алдыңки эки капталындагы айнектерге жана маңдайкы айнегин да караңгылатууга уруксат берилерин түшүндүрдү. Бирок, мындан улам жол кыймылындагы абал өзгөрбөйт деген ойдо. Мыйзамдын жол-жоболору иштелип чыгып, күчүнө киргенден кийин алар бекем тартипте иштеп, жумуштарына кошумча түйшүк жаратпайт.

«Биздин кызмат буга чейин деле унаалардын алдыңкы терезелерин караңгылатып алган айдоочуларга чара көрүп келген жана мындан ары да күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп баштайбыз. Бул биздин ишибизге тоскоолдук жана кошумча түйшүк жаратпайт».

Азыркы мыйзам менен унаалардын айнегин караңгылатып алган айдоочуларга 5 миң 500 сом айып пул салынып келет.

Бул мыйзамды колдоп келген Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу менен кылмыш күчөйт» деген пикирлерди четке кагып, аны жөн гана шылтоо катары карайт. Жол коопсуздугуна терс таасири тийгизиши мүмкүн экенин, бирок бул азыркы оор абалда бюджетти толтуруунун бирден бир кадамы болорун айтат эл өкүлү.

«Азыр бюджетти толтурууга ар кандай жолдорду издеп жатышпайбы. Кризис, акча керек болуп жатат. Ушундай амбициялуу долбоорлор өтө көп, менимче, бир жыл карап байкаштыруу керек, мониторинг жүргүзүп дегендей. Эгерде бир жылдын ичинде жакшы натыйжа бербей, коопсуздукка терс таасирин тийгизсе, анда биз мыйзамды жокко чыгарабыз».

Мыйзамдын аткарылышын Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт. Ал эми унаанын каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты ким берерин Экономика министрлиги бир жуманын ичинде иштеп чыгат.

«Сафари» кыймылынын өкүлү, жарандык активист Эртай Искаковдун пикиринде, бул мыйзам менен эл бай-кедейге бөлүнүп калат. Өнүккөн өлкөлөрдө жакшы иштеп жатканы Кыргызстанда да майнаптуу болорун белгилебейт. Азыркы тапта карапайым элге ушул сыяктуу мыйзамдар керек эмес, жумушсуздук, кымбатчылык сыяктуу социалдык маселелер чечилип берилсе, дагы да натыйжалуу болмок.

«Бул мыйзам Кыргызстандын айдоочулары үчүн али эрте болчу. Бул — 5 жаштагы баланын колуна бычак берип коюу менен барабар. Туура, өнүккөн өлкөлөрдө, АКШ, Японияда алдыңкы терезелерин караңгылатканга уруксат берилген. Бирок алар өнүккөн да. Алар бизден бир канча жыл, балким, кылым алдыда бара жатышат. Алардын аң-сезими башка, жолдо жүрүү эрежелерин сактоо, мыйзамдарды сыйлоо, башка айдоочулардын укуктарын тебелебөө жагынан өнүккөн. А бизде азырынча бул жаатта алсыздык айдан ачык көрүнүп турат. Бул мыйзам карапайым элге керек эмес болчу. Бул байлар, чоң кызматта иштегендер үчүн кабыл алынса керек».

Дагы бир жарандык активист Семетей Талас уулу унаалардын терезесин мыйзамдын негизинде караңгылатуу күткөн жыйынтык бербесин белгилейт. Себеби кайра эле коррупциялык схемага айланып, карапайым калкка зыяны тиет. Ошондой эле айдоочуларга тоскоолдук жаралып, кылмышка ээн-эркин жол берилет.

«Негизи бул мыйзам менен бюджетке аябай деле чоң акча түшпөйт. Жол кырсыгына да аябай себепкер болот. Анткени терезелерин караңгылатып алгандардын өзүнө да ыңгайсыз, башка айдоочуларга да ыңгайсыз болот. Себеби караңгы, эч нерсе көрүнбөйт. Айрыкча жаан жааганда кыйын болот. Мындан сырткары криминалдык элементтер күч алып, ээн-эркин боло баштайт. Кылмышкерлерге эми Кудай берет да».

Учурда Кыргызстанда унаанын арткы айнегин гана караңгылатууга уруксат берилип, каптал жана алдыңкы айнектер жарыктын кеминде 70%ын салонго өткөрүшү керек.

Быйыл үч айдын ичинде 400гө чукул айдоочуга терезелерин караңгылатып алганы үчүн протокол толтурулган. Ал эми өткөн жылдын эсебинен 2 миң 776 айдоочуга айып салынган.

Кыргызстанда болжол менен бир жарым миллиондой унаа бар. Азырынча бул кабыл алынган мыйзамдан казынага түшө турган каражаттын болжолдуу эсеби айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM