Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, айдоочулар мындан ары акы төлөп, унаалардын алдыңкы эшигинин каптал айнегин караңгылата алышат. Коомчулукта унаалардын айнектерин караңгылатуу жаатында ар түрдүү ойлор айтылып келет.Айрымдар бул мыйзам ишке ашса, жол кырсыктары көбөйүп, коррупция жана кылмыш күчөйт дешет. Өкмөт бюджетти толтуруунун ыкмасы экенин айтат. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Аталган мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеген. Мындагы максат өлкө казынасына салыктык эмес кирешелердин түшүүсүн көбөйтүү экенин маалымдашкан.
Мыйзамга ылайык, айдоочу унаа айнегин ыйгарым укуктуу өкүлдүн уруксаты жок караңгылатса, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып салынат.
Айып пулдун өлчөмү жана төлөө тартиби Министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.
Экономика жана коммерция министринин маалыматына караганда, унааларга айнектерин караңгылатууга уруксат берүү, эсепке алуу жана байкоо жүргүзүү Carcheck элекрондук тиркемеси аркылуу ишке ашат.
«Биздин кызмат буга чейин деле унаалардын алдыңкы терезелерин караңгылатып алган айдоочуларга чара көрүп келген жана мындан ары да күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп баштайбыз. Бул биздин ишибизге тоскоолдук жана кошумча түйшүк жаратпайт».
Азыркы мыйзам менен унаалардын айнегин караңгылатып алган айдоочуларга 5 миң 500 сом айып пул салынып келет.
Бул мыйзамды колдоп келген Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу менен кылмыш күчөйт» деген пикирлерди четке кагып, аны жөн гана шылтоо катары карайт. Жол коопсуздугуна терс таасири тийгизиши мүмкүн экенин, бирок бул азыркы оор абалда бюджетти толтуруунун бирден бир кадамы болорун айтат эл өкүлү.
Мыйзамдын аткарылышын Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт. Ал эми унаанын каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты ким берерин Экономика министрлиги бир жуманын ичинде иштеп чыгат.
«Сафари» кыймылынын өкүлү, жарандык активист Эртай Искаковдун пикиринде, бул мыйзам менен эл бай-кедейге бөлүнүп калат. Өнүккөн өлкөлөрдө жакшы иштеп жатканы Кыргызстанда да майнаптуу болорун белгилебейт. Азыркы тапта карапайым элге ушул сыяктуу мыйзамдар керек эмес, жумушсуздук, кымбатчылык сыяктуу социалдык маселелер чечилип берилсе, дагы да натыйжалуу болмок.
Дагы бир жарандык активист Семетей Талас уулу унаалардын терезесин мыйзамдын негизинде караңгылатуу күткөн жыйынтык бербесин белгилейт. Себеби кайра эле коррупциялык схемага айланып, карапайым калкка зыяны тиет. Ошондой эле айдоочуларга тоскоолдук жаралып, кылмышка ээн-эркин жол берилет.
Учурда Кыргызстанда унаанын арткы айнегин гана караңгылатууга уруксат берилип, каптал жана алдыңкы айнектер жарыктын кеминде 70%ын салонго өткөрүшү керек.
Быйыл үч айдын ичинде 400гө чукул айдоочуга терезелерин караңгылатып алганы үчүн протокол толтурулган. Ал эми өткөн жылдын эсебинен 2 миң 776 айдоочуга айып салынган.
Кыргызстанда болжол менен бир жарым миллиондой унаа бар. Азырынча бул кабыл алынган мыйзамдан казынага түшө турган каражаттын болжолдуу эсеби айтыла элек.