Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн кулашы боюнча кармалган эки прораб бошотулду

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 216 | 0

Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалынын кулашы боюнча кармалган эки прораб камактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди бүгүн борбордун Ленин райондук соту чыгарды. Кылмышка шектүүлөр тергөө учурунда үй камагына чыгарылган.

Буга чейин жабырлануучу укук коргоо органдарына каршы арыз менен кайрылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган факты боюнча 56 жаштагы И.А. жана 60 жаштагы Ж.М. кармалып, кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, Фрунзе көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы 27-март күнү коңшу турак жайдын үстүнө кулап түшкөн. Натыйжада үч адам, анын ичинде улгайган аял жана бир бала жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM