Биз менен байланышыңыз

Өкмөт мамлекеттик ишканаларды реформалоого бел байлады

Саясат , Экономика | 13 Апр 2022 | 2210 | 0

Мамлекеттик ишканаларды башкаруу системасы өзгөртүүгө муктаж. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул боюнча жыйын өткөрүп, мамлекеттик ишканалар натыйжалуу иштөөсү үчүн эки жума ичинде жаңы сунуштарды күтөрүн айтты. Негизи мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү саясаты былтыркы жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Мамлекеттик мүлк фонду реформаланса, кандай болушу керек? Мамлекет менен жеке өнөктөштүк мыйзамы бул жагдайды жөнгө салып кете алабы? Бул боюнча пикирлерди жана экономисттердин сунуштарын топтодук.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилерине эки жумалык мөөнөттө өнүгүү программаларын даярдап, Экономика жана коммерция министрлигине сунуштоону тапшырды.

Президент Садыр Жапаров да өткөн жылы 5-майдагы кайрылуусунда экономикалык реформанын алкагында мамлекеттик ишканалардын түзүмү өзгөртүлүп, жеке менчикке өткөрүлөрүн, бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү экенин белгилеген.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров мамлекеттик ишканалардын башкаруусун өзгөртүү реформасынын артыкчылыктарын айтып берди. Биринчиден, жаңы ыкмаларды колдонуу менен жетекчилерди жана директорлор кенешинин таасирин күчөтүү, экинчиден, оптимизациялоо. Тагыраагы, иштебей жаткан мамлекеттик ишканаларды ирилештирүү же жоюу жана «Улуттук башкаруучу холдинг» компаниясын түзүү аракети көрүлөт. Учурда аталган холдингдин стратегиясы жана багыттары такталууда. Бакиров рефомалардан кандай натыйжа күтүлөрүн айтты.

«Бул рефомалардан ийгиликтүү жыйынтык чыгарын күтүп жатабыз. Себеби коңшу өлкөлөрдө ушундай реформалар жемишин берген учурлар бар. Биз мунун оң жана терс жактарын эске алып, орток пикир менен жакшы майнап чыгарат деген ойдобуз. Жаңы башкаруунун негизинде текшерүү комиссиясы, ревизор, аудиторлор талапты күчөтүп, ачык-айкындыкты камсыз кылып, былтыркы жылды акционердик коомдор 11 млрд сом киреше, мамлекеттик ишканалар 2 млрд 200 млн киреше менен жыйынтыктады. Эми мындан ары да натыйжалуу иш алып барып, ири көрсөткүчтөргө ээ болобуз деген ойдобуз».

Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына таянып айтсак, өлкөдө жалпы 104 мамлекеттик ишкана бар. Мунун ичинен 38и гана пайда табат, 19у чыгымдын үстүндө, калган 47синин пайдасы да жок, чыгымы да жок, ишмердик да жүргүзбөйт, отчёт да бербейт, жоюлуп кетүү алдында турат.

Пайда таап жаткан 38 ишкананын бир жылдык таза кирешеси 1 млрд 293 млн сомду түзөт. Калган 66 ишканада жалпы жонунан 5,5 миңге чукул адам эмгектенет.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров учурда мамлекет иштете албай банкрот болгон ишканаларды жеке менчикке берүүдө пайда көп экенин айтат.

Анын пикиринде, мамлекет чарбалык иштерге аралашканда экономикада жылыш болбойт. Иштебей турган, киреше алып келбеген мекемелердин чыгашасы да көп. Андыктан мамлекет карамагындагы ишканаларды дүйнөлүк алдыңкы компанияларга узак мөөнөткө, тагыраагы, 50-100 жылга ижарага бериши керек.

«Ижарага берүүдөн да башка жолдор бар. Бул – сатуу, башкача айтканда, менчиктештирүү (приватизация). Конкурс жарыялап, ишкананы сатса болот. Бирок стратегиялык обьектилер деп жатпайбызбы, мисалы, «Манас» аэропорту бар. Аны сатпай, башка мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды сатып, менчикке өткөрүү керек. Алсак, «Кыргызтелеком» ишканасы канча жылдан бери банкрот болуп турат, же бир киреше алып келбейт. Жөн эле өзүнүн имараттарын ижарага берип эле отурат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын такыр эффективдүүлүгү жок. Же жүргүнчү ташыбайт, же жүк ташыбайт».

Экономист Элдар Абакиров ири стратегиялык объектилерди менчиктештирбей, мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же ишенимдүү башкаруу программалары аркылуу иштетүүнү сунуштайт. Ошондой эле менчиктештирүүдөн мамлекет да, эл да пайда көрүшү керектигин айтат.

«Мамлекеттик ишканаларды жокко чыгарганды туура көрөм. Анткени баары бир мамлекет башкара албайт. Муну көптөгөн тажрыйбалар көрсөтүп, далилдеп жатат. Мамлекеттин негизги иши жол оңдоо, коопсуздук, мамлекеттик кызматтар болушу мүмкүн. Бирок мамлекеттик ишканаларды иштеткенде, жеке тармак менен мамлекет эч качан атаандаша албайт. Монополия аркылуу атаандашышы мүмкүн, бирок ошондо деле кызматтары сапатсыз болот. Ошондуктан же мамлекеттик жеке өнөктөштүк, же ишенимдүү башкаруу, же менчиктештирүү аркылуу мамлекеттик ишканалардын баарын жокко чыгаруу керек».  

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев белгилегендей, буга чейин да мамлекеттик ишканалардын башкаруусун өзгөртүү боюнча чечимдер, программалар кабыл алынып, аягына чыкпай келет. Депутат мындай демилге биринчи да эмес, акыркы да эмес деп эсептейт.

«Биз программа иштеп чыктык, чечим кабыл алдык» деген сыяктуу сөздөр чынында көп болуп келген. Менимче, бул биринчи да, акыркы да демилге эмес. Кийин да өзгөртүүлөр болот, «кооз» сөздөр айтылат. Мамлекеттик ишканалардын башкаруусун сөзсүз өзгөртүү керек. Конкурс аркылуу эл аралык тажрыйбалуу ишкерлерди алып келип, кээ бир ишканаларды тышкы башкарууга өткөрүп, «Мегакомду» сатуу керек, кээ бирин таптакыр жок кылуу керек, башкалардын функцияларын кеңейтүү керек. Бул жерде бирдиктүү караганга болбойт. Ар бирин өзүнчө карап чыгып, чечим кабыл алуу керек».

Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына караганда, жалпы 65 чарбалык коом болсо, анын 25и гана пайда алып келет.

Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик мүлктү жапырт менчиктештирүүнүн биринчи этабы  өлкө эгемендик алган 1991-1994-жылдарда болгон. Төрт этаптан турган өнөктүк 2015-жылдарга чейин созулган. Былтыр мамлекет башчы кайрадан демилге көтөрүп, бүгүнкү күнгө чейин менчиктештирүү саясаты алып барылууда.

Copyright © 2017 Maral FM