Мамлекеттик ишканаларды башкаруу системасы өзгөртүүгө муктаж. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул боюнча жыйын өткөрүп, мамлекеттик ишканалар натыйжалуу иштөөсү үчүн эки жума ичинде жаңы сунуштарды күтөрүн айтты. Негизи мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү саясаты былтыркы жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Мамлекеттик мүлк фонду реформаланса, кандай болушу керек? Мамлекет менен жеке өнөктөштүк мыйзамы бул жагдайды жөнгө салып кете алабы? Бул боюнча пикирлерди жана экономисттердин сунуштарын топтодук.
Президент Садыр Жапаров да өткөн жылы 5-майдагы кайрылуусунда экономикалык реформанын алкагында мамлекеттик ишканалардын түзүмү өзгөртүлүп, жеке менчикке өткөрүлөрүн, бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү экенин белгилеген.
Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров мамлекеттик ишканалардын башкаруусун өзгөртүү реформасынын артыкчылыктарын айтып берди. Биринчиден, жаңы ыкмаларды колдонуу менен жетекчилерди жана директорлор кенешинин таасирин күчөтүү, экинчиден, оптимизациялоо. Тагыраагы, иштебей жаткан мамлекеттик ишканаларды ирилештирүү же жоюу жана «Улуттук башкаруучу холдинг» компаниясын түзүү аракети көрүлөт. Учурда аталган холдингдин стратегиясы жана багыттары такталууда. Бакиров рефомалардан кандай натыйжа күтүлөрүн айтты.
Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына таянып айтсак, өлкөдө жалпы 104 мамлекеттик ишкана бар. Мунун ичинен 38и гана пайда табат, 19у чыгымдын үстүндө, калган 47синин пайдасы да жок, чыгымы да жок, ишмердик да жүргүзбөйт, отчёт да бербейт, жоюлуп кетүү алдында турат.
Пайда таап жаткан 38 ишкананын бир жылдык таза кирешеси 1 млрд 293 млн сомду түзөт. Калган 66 ишканада жалпы жонунан 5,5 миңге чукул адам эмгектенет.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров учурда мамлекет иштете албай банкрот болгон ишканаларды жеке менчикке берүүдө пайда көп экенин айтат.
Анын пикиринде, мамлекет чарбалык иштерге аралашканда экономикада жылыш болбойт. Иштебей турган, киреше алып келбеген мекемелердин чыгашасы да көп. Андыктан мамлекет карамагындагы ишканаларды дүйнөлүк алдыңкы компанияларга узак мөөнөткө, тагыраагы, 50-100 жылга ижарага бериши керек.
Экономист Элдар Абакиров ири стратегиялык объектилерди менчиктештирбей, мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же ишенимдүү башкаруу программалары аркылуу иштетүүнү сунуштайт. Ошондой эле менчиктештирүүдөн мамлекет да, эл да пайда көрүшү керектигин айтат.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев белгилегендей, буга чейин да мамлекеттик ишканалардын башкаруусун өзгөртүү боюнча чечимдер, программалар кабыл алынып, аягына чыкпай келет. Депутат мындай демилге биринчи да эмес, акыркы да эмес деп эсептейт.
Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына караганда, жалпы 65 чарбалык коом болсо, анын 25и гана пайда алып келет.
Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик мүлктү жапырт менчиктештирүүнүн биринчи этабы өлкө эгемендик алган 1991-1994-жылдарда болгон. Төрт этаптан турган өнөктүк 2015-жылдарга чейин созулган. Былтыр мамлекет башчы кайрадан демилге көтөрүп, бүгүнкү күнгө чейин менчиктештирүү саясаты алып барылууда.