Биз менен байланышыңыз

«Кадастрдын» кызматкерлери мамлекетке 15 млн сомдон ашуун зыян келтирген

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 208 | 0

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалында мыйзамсыз каттоо жүргүзгөн факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө филиалдын кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдаланышып, жер тилкесине соттук чектөө турганына карабастан мыйзамсыз сатуу-сатып алуу келишимдерин катташканы аныкталган.

Ошондой эле алар мыйзамсыз аракеттерин жашыруу максатында укук аныктоочу документтердин жоктугуна карабай, муниципалдык жер тилкесине жеке менчик жөнүндө мамлекеттик акт даярдашкан.

Жыйынтыгында 15 млн 676 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылган. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM