Биз менен байланышыңыз

Байсалов пенсия боюнча айткандарына түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 1927 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коомдо резонанс жараткан пенсияга байланыштуу билдирүүсүнө комментарий берди. Ал башкы максат пенсиянын көлөмүн көбөйтүү экенин айтты.

«Пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө кеп болуп жатат. Максат ошондой. Кандайдыр бир пенсия жашын жогорулатуу чечими кабыл алынган жок. Долбоор да быша элек. Талкууда гана. Чечим кабыл алынган күндө да ал өзгөрүүлөр 2028-жылдары күчүнө кирет. Мамлекет болгондон кийин, «эртең эмне болсо болсун, биз жакшы көрүнөлү» деген саясаттан алыспыз», — деди Байсалов.

11-апрелде Жогорку Кеңеште пенсиялык системаны реформалоо боюнча парламенттик угуу өткөн. Анда Байсалов Кыргызстанда Социалдык фонддун төлөмдөрүн төккөндөр аз экенин, социалдык төлөмдөрдү негизинен эң ири компаниялар төлөй турганын айткан. Ал эми базардагы соодагерлер, мигранттар, фермер-дыйкандар Милдеттүү камсыздандыруу фондуна да, Соцфондго да бир сом төлөбөй турганын билдирген.

«Бизде төлөм төккөндөр аз. Биз жарандарга пенсия үчүн акча чогултуу керектигин туура түшүндүрүүгө аракет кылуудабыз. Эгер жаран бир сом да Соцфондго төлөбөсө, анда мамлекет эч нерсеге милдеттүү эмес», — деп билдирген Байсалов.

Байсалов ошондой эле пенсия жашын жогорулатуу боюнча да түшүндүрмө берип, аялдардын да пенсия курагын 60 жашка чыгарууну сунуштаган.

«Бул албетте дароо болбойт, этап менен ишке ашат. Ушул эле өзгөртүүлөр аскер кызматындагыларга да тийиштүү. Азыр бийик тоолуу аймактарда жашоо-шарт башкача. Баалар да Бишкектегиден арзан. Мындан улам биз пенсия жашын жогорулатуу сунушун 2023-2026-жылга карата концепцияга киргизүүнү сунуштайбыз», — деп кошумчалаган Байсалов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM