Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги дубалы көчүп түшкөн үй боюнча эки прораб кармалды

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 260 | 0

Бишкектеги дубалы көчүп, жанындагы үйдү басып калган көп кабаттуу имарат боюнча ачылган кылмышка шектүү катары эки прораб кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 26-мартында Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы көчүп, жанындагы эки кабат үйдүн үстүнө түшкөн. Андан бир аял жабыркап, сегиз үйгө зыян келген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө курулушка прораб болгон 1966-жылы туулган И.А. менен 1962-жылы туулган М.Ж. шектүү катары камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM