Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелери түшүндүрүлдү

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 433 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб пандемия шартында Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелери туурасында маалымат берди.

Алардын айтымында, чек арадан өтүүдө ПЧР-тест талап кылуу дале күчүндө. Чет элдик жарандар Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тесттин акыркы 72 сааттын ичинде алынган жыйынтыгын же эмдөөнүн толук курсунан өткөн тастыктамасын көрсөтүшү керек.

Ушундай эле талап чет өлкөгө чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарына да коюлат. Ал эми ЕАЭБге мүчө өлкөлөр «COVID-19суз саякат» мобилдик тиркемесин колдоно алышат.

Учакта сөзсүз түрдө беткап тагынуу жана антисептик колдонуу талап кылынат. Жүргүнчүлөр учакка COVID-19дун клиникалык көрүнүштөрү жок гана киргизилет. ПЧР-тесттин мөөнөтү (72 саат) аяктаган учурда кайра жаңы тесттен өтүүгө тийиш.

ПЧР-тест же эмдөө сертификаты 12 жашка чейинки балдардан гана суралбайт.

Ошондой эле штаб чет мамлекеттерге учардан мурун ал жактын учурдагы эрежелерин билип алуу зарыл экенин эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM