Биз менен байланышыңыз

Депутат: «Ысык-Көл» мейманканасынын карызын жабууга 42,5 млн сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 323 | 0

«Ысык-Көл» мейманканасынын карызын жабууга 42,5 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналына жазды.

Анын айтымында, бул каражат коммуналдык кызматтарга, соцфондго жана салыкка болгон карыздарды жабууга жумшалат.

«Мага маалым болгондой, мейманкананын бүтпөй калган оңдоо иштерине 9 млн сом сарпталган. Белгисиз инвестордун эсебинен мейманкананын ордуна мамлекеттик органдар үчүн имарат курулат», — деп жазды депутат.

Былтыр декабрь айынын соңунда Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын имараты түрттүрүлгөн. Президенттин иш башкармалыгы мейманкана көп жылдан бери колдонулбай, жараксыз болгондуктан, бузууга туура келгенин билдирген.

Унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынганы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM