Биз менен байланышыңыз

Сокулукта мыйзамсыз берилген 48,5 га жайыт мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 212 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунда ижарага мыйзамсыз берилген жайыт мамлекетке алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Сокулук райондук прокуратурасы Төмөнкү Чүй айыл аймагына атайын текшерүү жүргүзгөн. Анда айыл өкмөт башчысы 2003-жылы мыйзамсыз чечим чыгарып, 48,5 гектар жайытты Т.Ж. аттуу тургунга 49 жылга ижарага бергени аныкталган.

Бул боюнча сотко доо арыз келтирилип, натыйжада сот прокуратуранын пайдасына чечим чыгарган.

Учурда 2 млн 425 миң сомго бааланган 48,5 гектар жайыт мамлекетке өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM