Биз менен байланышыңыз

«Бишкек-Москва» темир жол каттамы 2023-жылы ачылат

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 171 | 0

Бишкек шаарынан Орусиянын Москва шаарына темир жол каттамы 2023-жылга чейин ачылбайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Ал эми Бишкектен Новосибирск, Самара жана Казань шаарына чейин түз поезд менен бара алышат.

Новосибирск Орусиянын чоң шаарларынын катарында 3-орунду ээлейт. Эң ири темир жол байланышы бар шаар болуп эсептелет. Мындан тышкары Новосибирск шаарында эң ири кыргыз диаспорасы бар. Ошондой эле шаарда Сибирь аймагын кийим-кече менен камсыз кылган эң чоң кыргыз базары бар.

Мына ушул жагдайларды эске алуу менен 5-апрелде «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилиги «Орусия темир жолу» ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган поезд каттамын ачышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM