Биз менен байланышыңыз

Бүгүн коронавирус жуктургандар катталган жок

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 177 | 0

Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда илдеттен айыккандар жана каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 72 бейтап, амбулатордук түрдө 13 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 303 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM