Биз менен байланышыңыз

Белгилүү жазуучу, журналист Баратбай Аракеев көз жумду

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 941 | 0

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, публицист журналист Баратбай Аракеев 72 жашында катуу оорудан көз жумду.

Баратбай Аракеев 1950-жылы Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында туулган. Бир нече жыл «Асаба», «Фабула» өңдүү гезиттерде иштеп, ар кандай темадагы курч макалалары, публицистикалары менен окурман журтуна таанымал болгон.

Андан тышкары жазуучу катары да адабият чөйрөсүндө өзүнүн бийик ордун тапкан. Айрыкча эгемендик жылдардан кийин жазган «Мен сага өлүм алып келем», «Чаңдагы гүл» сыяктуу романдары китепкөйлөрдүн кызыгуусун арттырган.

Калемгердин сөөгү эртең, 13-апрелде өзү туулган айылда жерге берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM