Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 224 | 0

11-апрелде Жогорку Кеӊеште депутаттар Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Баткен облусунун экономикалык аймактарын өнүктүрүүнүн экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө» макулдашууну карашты.

Анда экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 50 млн доллар бөлүп жатканын билдирди.

«Каражаттын жарымы грант түрүндө берилсе, калган жарымы 0.75% менен 38 жылдык мөөнөткө, 6 жылдык жеңилдетилген насыя болуп саналат», – деди ал.

Ал экинчи аймактык экономиканы өнүктүрүү долбоору Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан 2027-жылга чейин алты жылда ишке ашырыларын кошумчалады.

Ошондой эле министрдин орун басары долбоор инфраструктураны жана калкты тейлөөнү жакшыртууга, атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу аркылуу кирешени көбөйтүүгө, ошондой эле кичи жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM