Биз менен байланышыңыз

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанды өнүктүрүү программасына колдоо көрсөтөт

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 228 | 0

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Чэнь Шисинди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы долбоордук-программалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы АӨБ менен жашыл экономика, энергетика, транспорт, айыл чарба жана суу ресурстарын башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү жаатында динамикалуу өнүгүп жаткан кызматташтыкка ыраазычылыгын билдирди.

Аны менен катар Садыр Жапаров улуттук экономиканын эң аялуу тармактарында антикризистик чараларды ишке ашыруу максатында Финансы министрлигине АӨБдин турукташтыруу фондунан кошумча жардам тартуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чэнь Шисинь Кыргызстандын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү Улуттук программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтүү ниетин билдирди.

Ошондой эле ал жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган олуттуу социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча Жапаровдун аракеттерин кубаттады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM