Биз менен байланышыңыз

Жарасул Абдураимов «Кыргызалтындын» төрагасы болуп дайындалды

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 1050 | 0

Бүгүн, 11-апрелде Жарасул Абдураимов «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Жарасул Абдураимовду «Кыргызалтын» ишканасынын жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.

Өмүр баяны:

Жарасул Абдураимов 1960-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Свердловскийдеги Киров атындагы Урал политехникалык институтун «электрондук жабдуулардын инженер-механиги» адистиги боюнча бүтүргөн.

2013-жылдын сентябрынан 2015-жылдын апрелине чейин «Кумтор Голд Компани» ЖАКта эмгектенген. Директордун жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү боюнча орун басары, ошондой эле «Ысык-Көл облусунда өнөр жайды өнүктүрүү жана жумушчу орундарды түзүү» долбоорун жетектеген.

Экономика өнүгүү жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган.

Азия өнүктүрүү банкынын «Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана тобокелдиктерди жоюу» долбоорунда Кыргызстандын өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча эксперт болуп иштеген.

2019-жылдын май айынан сентябрь айына чейин КРнын Экономика министринин коомдук башталышта кеңешчиси болгон.

2020-жылдын октябрь айнан 2021-жылдын июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп эмгектенип келди.

Учурда «Кыргызиндустрия» ААКнын жетектеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM