Биз менен байланышыңыз

15-апрелден тарта Казакстан эгин менен унду экспорттоону чектейт

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 269 | 0

Казакстан 15-апрелден тарта эгин менен унду экспорттоого чектөө киргизет. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат агенттиги жазды.

Айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаровдун айтымында, ички рыноктогу тартыштыкты жоюу үчүн чектөө чаралары зарыл.

«2022-жылдын 1-апрелинде тышкы соода саясаты жана эл аралык экономикалык уюмдарга катышуу боюнча мекемелер аралык комиссия 15-апрелден 15-июнга чейин буудайды жана унду экспорттоого квота киргизүү чечимин кабыл алды. Буудайга берилген квотанын көлөмү 1 млн, ун үчүн 300 миң тоннаны түзөт», — деди ал.

Эске салсак, Кыргызстан эгин менен унду негизинен Казакстандан алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM