Биз менен байланышыңыз

Бишкекте музейлердин иштөө убактысы өзгөрүлдү (график)

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 366 | 0

Туристтердин жана кардарлардын ыңгайы үчүн Бишкектеги музейлердин иштөө убактысы жылдырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Министрлик өлкөгө келип жаткан туристтердин жана кардарлардын ыңгайына карап, Кыргыз улуттук тарых музейинин жана Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин иштөө убактысы жылдырылганын маалымдады.

Графике ылайык, Тарых музейи күнүгө саат 10:00дөн 20:00гө чейин, ал эми Көркөм өнөр музейи жуманын бейшемби күнү саат 11:00дөн 20:00гө чейин, калган күндөрү саат 11дөн 19:00гө чейин иштейт.

Буга чейин бекитилген графикке  ылайык, бардык музей үчүн дүйшөмбү күн демалыш болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM