Биз менен байланышыңыз

Алимбаев Баткен шаарындагы тазалыкты сынга алды (видео)

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 225 | 1

Бүгүн, 11-апрелде Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев президенттин тапшырмасынын негизинде Баткен шаарынын тургундары менен жолугушту.

Анда облус башчысы калаанын тазалыгын катуу сындады.

«Баткен шаарындагы тазалык бүгүнкү күндө өтө начар. Шаар бүт таштандыга толгон, арыктар чабылган жок, бак-дарак буталган жок, мэрия тараптан эч бир жумуш жасалган жок. Көчөлөр чаң, бүгүн негизги жолдорго биринчи жолу суу чачылды», — деп сындады Алимбаев.

Ошондой эле ал ар бир үй-бүлө жана ар бир ишкана өз короосунун алдын тазалоону сунуштады.

Мындан сырткары ал түнү караңгы болуп, чырактар күйбөй жаткандыктан, шаарда жүрүү коркунучтуу болуп жатканын белгиледи.

1 пикир

1 пикир

  1. Хомут силовой робуст

    12.04.2022 15:03

    Было бы интересно узнать поподробнее.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM