Биз менен байланышыңыз

Британ премьери Борис Жонсон Киевге күтүүсүз барды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 332 | 0

Кечээ, 9-апрелде Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Жонсон сүйлөшүүлөрдөн кийин Лондон Киевдин коргонуусу үчүн 120 бронетехника жана кемеге каршы ракеталык система берерин билдирди.

Буга чейин, 8-апрелде Борис Жонсон ​ Краматорск шаарындагы темир жол бекетин аткылоого жооп катары Украинага кошумча 100 миллион фунт-стерлингге бааланган аскерий жардам жөнөтөрүн билдирген.  Анын ичинде танкка каршы жана зениттик-ракеталык комплекстер, ошондой эле камикадзе дрондору кирет.

Украина президенти Зеленский менен Британиянын премьер-министри Киевдин борборун кыдырып чыгышты.

«Президент Зеленскийдин ишенимдүү лидерлиги жана украин элинин табылгыс эрдиги менен каармандыгынын аркасында Путиндин коркунучтуу пландары ойрон боло баштады», — деген Жонсон.

Белгилей кетсек, Жонсондун Украинага сапары алдын ала жарыяланган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM