Биз менен байланышыңыз

Жозеп Боррель: Бул согушта украиндер жеңет

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 1655 | 0

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель украиндер согушта жеңерине бекем ишенимде турганын Twitter баракчасына жазды.

«Евробиримдик кошумча 500 млн евро жардам көрсөтүүдө. Курал-жарак жеткирүү Украинанын муктаждыктарына ылайыкталат. Бул согушта украиндер жеңет», — деп жазды ал.

Аны менен катар Евробиримдик Украинага колдоо көрсөтүүсүн уланта берерин кошумчалап, тарапташтарын Орусияга каршы санкцияларды көбөйтүүгө чакырды. Ал айрыкча энергетика, мунай тармагына кысымды күчөтүү зарыл деп эсептейт.

Айта кетсек, Жозеп Боррель менен Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен Украинага 8-апрелде келип кетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM