Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көчөт отургузуу иштери башталды

Кыска кабар | 9 Апр 2022 | 233 | 0

Бишкекте жаздын келиши менен борбор калааны жашыл шаарга айландыруу максатында көчөттөр отургузулуп баштады.

Президенттин «Жашыл мурас»  демилгесинин алкагында ар кыл дарактардын көчөттөрүн отургузуу үчүн 20 гектар жер бөлүнгөн.

«Жалпыбыз, анын катарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер «Жашыл Мурас» программасын ишке ашырууга активдүү катышууга ниеттенүүдөбүз. Биздин максат – жашыл аймактардын санын көбөйтүү жана борборубуздун мурдагы жашыл шаарлардын бири катары таанылган сыймыктуу атын калыбына келтирүү. Биз бул жерлерди мамлекеттик органдарга бөлүп бердик жана жакынкы келечекте ал жерге 800 миңден ашуун көчөт отургузулат», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.

Ага ылайык, бүгүн магистралдагы «Ынтымак» эс алуучу паркына көчөттөр отургузулат.

Белгилей кетсек, мындан тышкары Министрлер Кабинетинин жыйынында жалпысынан 14 маселе каралды.

Ошондой эле, быйылкы жылдагы жазгы-талаа жана түшүм жыйноо иштерине зарыл болгон жайкы дизель майын сатып алууга каражат бөлүү чечими кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM