Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу тез арада чечилиши керек

Кыска кабар | 9 Апр 2022 | 617 | 0

Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керек. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү финансы каражаттары бөлүнгөн. Бирок маселени чечүүдө эч кандай жылыш жок. Шаардыктар менен борбордун меймандары дагы эле жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун тийиштүү көлөмү жетишсиздигине байланыштуу чоң көйгөйлөргө дуушар болууда. Бул маселени кыска мөөнөттө чечип, автобус өндүрүүчүлөр менен тиешелүү келишимдерди түзүү зарыл. Создуктурууга убакыт жок», — деп белгиледи ал.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM