Биз менен байланышыңыз

Мектеп жана бала бакчага электрондук кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 9 Апр 2022 | 1981 | 2

Мектеп жана бала бакчага электрондук катталуу башталды. Катталуу үчүн балаңызды мектепке же бала бакчага киргизүүдө электрондук арыз тапшыруу керек.

Өтүнмөнү берүүдөн мурун арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү зарыл.
Арызды ырастагандан кийин, электрондук почтага жана Telegram номерге мектепке же бала бакчага кирүү үчүн ийгиликтүү арыз жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя шаарларында мектептерге электрондук система аркылуу кабыл алуу 15-февралдан тарта башталган. Ал эми Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Сууда — 15-апрелден тартып башталат.

Белгилей кетсек, каттоо 15-августка чейин созулат.

Сайтка катталуу үчүн төмөнкү маалыматтарды киргизүү керек:

  • фамилиясы, аты, атасынын аты (баланын жана арыз ээсинин);
  • баланын жынысы;
  • баланын туулган күнү, айы, жылы;
  • арыз ээсинин/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондору;
  • жашаган жеринен маалымкат боюнча иш жүзүндө жашаган жеринин дареги;
  • өтүнмө ээсинин/мыйзамдуу өкүлдүн электрондук почта дареги;
  • тандалган мектептин аталышы.

2 пикир

2 пикир

  1. Гулзада

    12.04.2022 18:07

    Саламатсызбы кайсы сайтка каттайбыз бала бакчага

    • Насиба

      14.04.2022 14:17

      Нокен ройону рахманжан айылындагы айнуру садигине

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM