Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 353 | 0

Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө муниципалдык инспекциясы калаанын көркүн бузган жана мыйзамсыз орнотулган курулуштарды алууну улантып жатат.

«Инспекторлор күн сайын муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курулуштардан бошотуу боюнча иш алып барышат. Алгач өз эрки менен бузуп салуу сунушталып, бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берилет. Андан майнап чыкпаса, мыйзамсыз курулуштарды өзүбүз бузууга барабыз», — деп айтылат маалыматта.

Ушул күнгө чейин борбордон төмөнкү курулуштар алынды:

—  Чокан Валиханов көчөсүндөгү №1/2 бетон тосмолор алынды;

— Тагай бий жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир күркө;

— Сыдыков көчөсүндөгү темир бастырма;

— Чыгыш-5 кичирайонундагы темир күркө;

— Лермонтов көчөсүндөгү дүкөн;

— Огонбаев жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашкана;

— Жибек-Жолу жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги капиталдык курулуш;

— Коёнкөзов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2 жеңил күркө;

— Тагай бий жана Тунук көчөлөрүнүн кесилишиндеги чачтарач;

— Өмүракунов жана Таттыбүбү көчөлөрүнүн кесилишиндеги пайдубал;

-Тыныстанов көчөсүндөгү «Ала-Тоо» кафеси.

Инспекциянын иши боюнча суроолор болсо, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

— Свердлов району боюнча: 0705003137;
— Октябрь району боюнча: 0551551745;
— Биринчи Май району: 0555404818;
— Ленин району боюнча: 0550070505.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM