Биз менен байланышыңыз

Жер тилкесин мыйзамсыз саткан айыл өкмөт башчы кызматтан алынды

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 395 | 0

Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы Султан Алыгулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Москва райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө аталган айыл округунда бир катар мыйзам бузуулар болгону аныкталган. Тагыраагы, айыл өкмөт башчы жер тилкелерди тендер өткөрбөстөн, жең ичинен мыйзамсыз сатып келген.

Буга байланыштуу прокуратура Москва районунун акимине айыл өкмөт башчысын кызматына ылайык келерин же келбесин кароо сунушун жолдогон.

Иш акимиатта каралып, натыйжада айыл өкмөт башчы акимдин буйругу менен кызматынан алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM