Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан алтын сатуу боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 787 | 0

Ушул жылдын февраль айындагы сатылган алтындын көлөмү боюнча Өзбекстан дүйнөдө 1-орунга чыкты. Бул тууралуу World Gold Councli уюмунун айлык баяндамасында айтылды.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү алтындын кору бир айда 6 тоннага азайган. Ал эми Өзбекстанда дээрлик 22 тоннага азайган. Бул өткөн 2021-жылдын декабрь айынан берки эң төмөнкү көрсөткүч болгон.

Катардын борбордук банкы 6 тонна алтын сатса, коңшу Казакстан 5 тонна саткан. Ал эми Германия менен Монголиядагы кор 1 тоннага азайган.

Түркияда февраль айында алтындын кору 25 тоннага көбөйсө, Индия 2,6 тонна алтын сатып алган. Ирландия дагы 1 тонна алтын сатып алып, жалпы көлөмү 758 тоннага жетти.

Ал эми Кыргызстанда Улуттук банк 28-февралдан 22-мартка чейинки аралыкта 413,3 млн сомго 63 кг алтын куймаларын саткан.

Президент Садыр Жапаров Украинадагы кырдаалга байланыштуу сомдун курсу туруктуу болбой турганын, андыктан акчасы бар жарандар алтын сатып алса туура болорун айткан.

Жапаровдун кеңешинен кийин алтын алууга кезекке тургандар көбөйгөнүн Улуттук банк маалымдаган.

Салмагы 1, 2, 5, 10, 31,1 грамм жана 100 грамм болгон аффинаждалган куймаларды сатуу 2015-жылдын 7-майында башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM