Биз менен байланышыңыз

Беларусь «дос эмес өлкөлөрдүн» тизмесин бекитти

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 268 | 0

Беларусь 39 мамлекетти «дос эмес өлкөлөрдүн» катарына киргизди. Жарлыкка премьер-министр Роман Головченко кол койду. Тизме parvo.by улуттук интернет-порталына жарыяланды.

Беларустун юридикалык жана жеке жактарына карата «дос эмес аракеттерди жасаган» өлкөлөргө төмөнкүлөр кирет:

АКШ, Улуу Британия, Канада, Норвегия, Исландия, Швейцария, Албания, Черногория, Түндүк Македония, Лихтенштейн, Австралия жана Евробиримдикке мүчө 27 мамлекет.

Кечээ, 7-апрелде Беларусь президенти Александр Лукашенко «дос эмес өлкөлөрдөн» келгендерге төлөмдөрдү токтотуу жарлыгына кол койгон.

Жарлыкка ылайык, резиденттердин пайдасына берилген документтерди аткаруу токтотулуп, банктар бул резиденттер өз алдынча берген төлөм талаптарын төлөөчүнүн акцептсиз кабыл алуудан баш тартууга милдеттүү.

«Дос эмес мамлекеттерге» карата киргизилген дагы бир чара Беларуска санкция салган өлкөлөргө мамлекеттик карызды жөнгө салууга тиешелүү. Эми республиканын Финансы министрлиги эгерде достук мамиледе болбогон өлкөлөр чектөө киргизсе, төлөмдөрдү улуттук валюта, Беларусь рубли менен жүргүзүүгө укуктуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM