Биз менен байланышыңыз

«Өкмөттүн кризиске каршы планы суроолорду жаратат»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2022 | 554 | 0

24-мартта Министрлер кабинети 126 миллиард сомдук кризиске каршы план кабыл алып, иш-чараларды 7 багытка топтогон. «Ал планды ишке ашыруу канчалык реалдуу?» деген суроого Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Экомайдан» программасында төмөндөгүчө жооп берди:

«Пландын көлөмү 126 миллиардды түзөт. Бул да суроо жаратат: «Ушунча акчаны эмнеге коротуп, эмнеге сарптайт? Ушул сумманы салык катары чогулта алабы, жокпу? Ошондуктан, бир тараптан караганда амбициялуу план деп койсок болот. Ишке ашыра алабы, жокпу, муну убакыт көрсөтөт.

Экинчи жактан алганда, биринчи пландын варианты менен таанышканыбызда олуттуу деле жаңы креативдүү ойлор жазылган эмес. Анын ичинде Улуттук банктын, Финансы министрлигинин жана башка органдардын күнүмдүк эле функциялары жазылган, тагыраагы, товарларды жана бааларды көзөмөлдөө, товарларды жеткирүү, мониторинг жүргүзүп жардам берүү ж.б.

Пландагы жаңы нерсе кредиттерди конвертация кылуу деп койсок болот. «Мурда доллар менен алган кредиттерди сомго которуп, кенемтени өкмөт берсе», — деп жатышат. Аны өкмөт дагы айтты. Бирок кайсы тармактагы ишкерлерге, кандай көлөм менен берилет же конвертация болот? Муну азыр так көрө элекпиз жана так айта албайбыз.

Кризистен чыгуу үчүн мамлекеттик чыгашаларды кыскартып, ишкерлерди айрым салыктардан бошотуп, жеңилдиктерди  түзүп, уруксат берүүчү лицензиялардын санын кыскартып, рейддерди токтотуу,  керек болсо текшерүүлөргө мораторий жарыялоо керек. Себеби азыркы кризистик шартты пандемия учурундагыдай эле деп карасак болот».

Маектешкен: Азамат Дүйшеев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM