Биз менен байланышыңыз

COVID: Кытайда кайрадан антирекорд катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 281 | 0

Кытайда кайрадан антирекорд катталды. Сутка ичинде 23 миңден ашуун жаңы коронавирус катталып, алардын көбү симптомсуз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Жугузуп алгандардын көбү Шанхайда катталган. «Нөлдүк сабырдуулук» стратегиясынын алкагында шаар бийлиги бардык тургундарды кайталап тестирлөөдөн өткөрө баштаган, мурункусу 4-апрелде болгон.

Кытайдын эң ири шаарларынын бири Шанхайда коронавирустун жаңы штаммы «стеллс-омикронго» чалдыккандар көбөйүүдө.

5-апрелде Шанхайда карантин бүтүшү керек болчу. Бирок кайра жугузуп алгандар көбөйүп, белгисиз мөөнөткө узартылды.

Жарандар өзүн-өзү тесттен текшерүүгө милдеттүү. Дарыгерлер керектүүлөрдүн баарын үйлөрүнө жеткирип берип жатышат. Бирок 25 миллиондук чоң мегаполисте азыр курьерлердин жетишсиздиги курч болуп, алардын 11 миңи гана бар экени маалым болду. Медициналык буюмдарды жеткирүү үчүн учкучсуз учактар колдонулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM