Биз менен байланышыңыз

Германия украин качкындары үчүн 2 млрд евро бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 374 | 0

Германия Өкмөтү 2022-жылы украиналык качкындарды колдоо үчүн аймактарына эки миллиард евро бөлөт. Бул тууралуу канцлер Олаф Шольц билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Анын айтымында, бул каражаттын 500 миллиону качкындарды жайгаштыруу менен байланышкан чыгымдарга жумшалат. 2023-жылга карата мындан аркы чаралар ушул жылдын ноябрынан кеч эмес каралышы мүмкүн.

Берлиндин мэри Франциска Гиффай бөлүнгөн акчанын бир миллиарды жаш балдарды коргоого, багууга, анын ичинде билим берүүгө, интеграциялык курстарга жумшала турганын белгиледи.

Германия бийлигинин маалыматы боюнча, 1-апрелге карата өлкөгө келген орусиялык аскерий атайын операция башталгандан бери дээрлик 295 миң украин качкын расмий катталган. Алардын көбү: аялдар, карылар жана балдар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM