Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусияга каршы санкциялардын тизмесин кеңейтти

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 371 | 0

АКШ Орусияга каршы санкциялар пакетин кеңейтип, ага сегиз адам жана 29 уюм кошулду. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Документте айтылгандай, жаңы санкциялар «Адмиралтейский верфтер», «Янтарь» кеме куруучу заводу жана башка бир катар ишканаларга киргизилген. Мындан тышкары чектөөлөр дүйнөдөгү эң ири алмаз өндүрүүчү «Алросага» да салынган.

Бириккен кеме куруу корпорациясынын жетекчилери Георгий Полтавченко менен Алексей Рахманов да жеке санкцияларга кабылышкан.

Буга чейин Евробиримдиктин (ЕБ) өлкөлөрү Орусияга каршы санкциялардын бешинчи пакетин макулдашканы белгилүү болгон. Чектөөлөр ишкерлерге, журналисттерге жана аскер кызматкерлерине киргизилет. Андан тышкары Орусиянын көмүрүнөн жана курал-жарагынан баш тартуу каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM